Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Зеленский Януковичтин тушундагы айрым министрлерди жарандыктан ажыратты


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский экс-президент Виктор Януковичтин тушундагы көрүнүктүү саясатчыларды жарандыктан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал өзүнүн видео кайрылуусунда маалымдады.

“Мен биздин мамлекетти агрессор тараптагылардан коргоо жана тазалоо үчүн дагы бир кадам жасап, тиешелүү документтерге кол койдум”, – деген Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, аларда Орусиянын жарандыгы бар экенин белгиледи.

Жарлыктын тексти жарыялана элек. Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып жазгандай, жарандыктан айрылгандардын арасында Виктор Януковичтин айланасындагы саясатчылар бар.

Анын ичинде Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мурдагы катчысы Андрей Клюев, мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко, Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Александр Якименко жана мурдагы билим берүү министри Дмитрий Табачниктин ысымы аталды. Алардын баары Янукович качып кеткен 2014-жылдын февраль айынан кийин Украинадан чыгып кетишкен.

Зеленский мурдараак Жогорку Раданын бир нече депутатын, анын ичинде Орусияга өткөрүлүп берилген Виктор Медведчукту украин жарандыгынан ажыраткан. Аларда да Орусиянын жарандыгы бар экендиги маалымдалган.

Виктор Янукович 2010-2014-жылдары Украинанын президенти болгон. 2014-жылдын 22-февралында саясий кризистин фонунда аны Жогорку Рада кызматтан алган. Андан кийин ал Орусияга качып кетип, өзүн президент катары билдирүү жасап турган. Украинада Янукович сыртынан соттолуп, наамдары жокко чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG