Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

АКШ Кытайдан учурулган шарды атып түшүрдү


АКШнын үстүндө учуп жүргөн шар.
АКШнын үстүндө учуп жүргөн шар.

Кытайдан учуп чыгып, Атлантика океанындагы АКШнын аба мейкиндигинде бир нече күн каалгып жүргөн шектүү аба шарын Кошмо Штаттардын аскердик күчтөрү атып түшүрдү. Бул тууралуу Assoсiated Press маалымат агенттиги кабарлады.

Анда айтылгандай, шар Түштүк Каролина штатынын жээгинде атылды. Ишемби күнү анын калдыктары жыйноо боюнча операция өттү.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин, шар өлкөнүн стратегиялык объектилерин изилдөө үчүн пайдаланылып келген деп жарыялады. Түштүк Каролинага учуп жеткенге чейин аба транспорту бир нече күн Монтана штатынын үстүндө болгон, ал жакта да аскердик объектилер бар.

Шар тууралуу кабарды жергиликтүү маалымат каражаттары тынбай жазып жатышкан. Жо Байдендин администрациясы Кытайдын АКШнын аба мейкиндигине шар жөнөткөнүн “кабыл алынгыс” деп атады. Байдендин каршылаштары, анын ичинде мурдагы президент Дональд Трамп да шарды чукул арада атып түшүрүүнү талап кылган.

Аскердик адамдар шарды кургактыкта атып түшүрүүгө каршы болуп, ал адамдарга жана жердеги объектилерге коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн билдирип жатышкан. Шар 15 миң метр бийиктикте учуп жүргөн жана үч автобуска тең болгон.

Аба аэростатын АКШнын F-22 аскердик учагы атып түшүрдү. Анын калдыктары сууга түшкөн.

Бул окуяга байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жекшембиде Кытайга болчу сапары токтотулду.

Кытайдын бийлиги бул шар өз багытынан чыгып кеткен илимий аппарат болушу ыктымалдыгын маалымдады. Пентагон ага ишенбей турганын, мурдараак Латын Америкасында да ушуга окшош шардын жүргөнү аныкталганын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG