Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Боорукер адамдын өмүрүн тилеген көчөт кыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыда кеп кылчу аңгеме боорукердик, жетишпеген турмуш табыштырган эки жандын күйүмү, бийик адамгерчилик сапаты тууралуу. Кыргыз аңгемесинин классикасынан белгилүү жазуучу Мамат Сабыровдун “Тараза” аңгемесин окуйбуз, анда сүрөттөлгөн турмуш жайында кеп кылабыз.

Таажы вирус

Бу пенде баласынын жөн-жай турмушта анча билинбеген, сезилбеген касиет-сапаты кысталыш чакта бар көркү менен ачылып чыга келет экен. Эки жылдан бери адамзатты бекем бучкактаган таажы вирус апааты көп нерсенин көзүн ачты. Миллиондогон адамдар кандай балээге кабылганын билип-билбей жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Карысы бар, жашы бар, апаат ылгабайт экен, туш келгенин мойсоп, жакындарына күйүт калтырып, ушу азыр деле токтоло элек. Кыязы, токтолбойт окшойт. Каалайбы-каалабайбы бул апаат менен адамзат мындан ары чогуу жашоого мажбур.

Таажы вирустан кеп баштап жатканыбыздын жөнү деле белгилүү. Белгилүү жазуучу, журналист Мамат Сабыровдун “Тараза” деген аңгемесинде ушул апаат тууралуу кеп болот. Ага кабылып оорунун азабын аябай тарткан бир момун пенденин бийик адамгерчилиги көрсөтүлөт. Бирөөлөргө жакшылык кылуу, колунан келген жардамын берүү – чын-чынына келгенде, пенде баласынын парзы, тирүүлүктөгү милдети. Аны айрымдар көпчүлүккө шардана кылып жасайт. Чынжырлуу байлар жакшылыгын жаамы журтка жарыя кылат. Антпегендери деле биртоп, бирок көпчүлүгү айтышка мажбур. Ушунча байлыгын, өлүү дүйнөсүн эмнеге катат, башкалар менен бөлүшпөйбү деп айтышарын ойлоп жасаган ишин шардана кылышат.

Ал эми Дөөлөт бай деле эмес, жөнөкөй бир электрик, тапканына топук кылып, бирөөгө жамандык ойлобогон боорукер адам. Ал ошол күнү кыштын кычыраган суугунда Ош базарына жакын жерден картошка алганы бараткан. “5 сом” деп картон кагазга жазып алып таразанын жанында турган кызга көңүл бурган деле киши жок. Суукта ким эле таразага түшүп салмагын билгиси келсин. Байкуш кыз жука кийимчен экен, кыска пальтосу да жука окшойт, бети-башы түктүйүп, бутун ургулап, колун ушалап, үйлөгүлөп айласы кетип туруптур. Дөөлөт кыздын абалын көрүп өтүп бараткан жеринен бурулуп, таразанын үстүнө чыкты:

“- Кана, кызым, тартчы.

Кыз отура калып, таразанын экранында пайда болгон сандарга үңүлдү.

-Жетимиш беш кило экенсиз, байке.

Дөөлөт анын колуна беш сомдук тыйынды карматып кете берди. Чай кайнам убакыттан кийин бир баштык картошка көтөрүп базардан кайра чыкса, кыз дале бая ордунда турат. Дагы эле таразага түшкөн эч ким көрүнбөйт. Бири кыз жакты караса, бири карабай өтүп жатышат. “Албетте, ушундай суукта ким таразага түшмөк эле”, - деп ойлоду Дөөлөт өзүнчө.

Дөөлөт колундагы баштыгын жерге коё салды да кайра таразага барды. Кыз аны көңүл буруп караган жок, баягындай эле отура калып, экранга үңүлдү.

- Жетимиш беш.

Дөөлөт чөнтөгүнөн майда тыйын алып, кызга берди да бир-эки кадам баскан соң бирдеке эсине түшкөндөй кайра артка кайрылды.

-Тү-ү, унутуп, портфелим менен түшкөн турбаймынбы. Кайра тартасың эми.
Экран бул жолу жетимиш үч килону көрсөттү. Дөөлөт тыйын сунду эле кыз алган жок.
-Эмеле бербедиңизби.
-Жок, ала бер. Мен кайра түштүм да.

Дөөлөт тыйынды анын колуна кармата салып, баштыгын алды да аялдаманы көздөй жөнөдү. “Бир нандык тыйын тапты окшойт” деди ичинен”.

Ушунча киши суукка кайыккан кыздын жанынан канчалаган кишилер кайдыгер өтүп жатышат. Ошонун ичинен бир боорукер пенде чыгып суукта үшүгөн кызга нанга жетерлик акчасын берди. Жөн берсе алмак эмес. Ошол өтүп аткандардын көбү эмне үчүн тырмактай кыз суукта кайыгып көчөдө турат дегенди ойлобосо деле керек.

Шаар ичинде кайыр сурагандар, тилемчилик кылгандар, алдамчылар, ууру-кескилер толтура. Бирөөнүн бирөө менен иши деле жок, таанышы эле учурап калбаса, унчукпай жандай салып өтүп кете беришет. Үшүгөн кызга ким көңүл бурду, баарысы кайдыгер карап, көңүл бурбай өтүп атышпайбы. Алардын айрымдарынын эле болбосо көбүнүн жашоо-турмушу жетишип кеткен жери жок.

Кедей жашоо

Өлкөсү кедей, беш-он жылда бийлигин алмаштырып, азыноолок тапкан-ташыганын талап-тоноп отуруп калмайы бар. Анан эсине келгенде башка мамлекеттерден карыз сурап, жардам үмүт кылып жашоосун кечирип келатат. Ал деле ушул көчөт кыздай жолдон өткөндөргө үмүт артып таразасын коюп алган.
Дөөлөт колунан келишинче таразачы кызга жардам берүүнү чечти. Же анын ашкан дүйнөсү болбосо, азыноолок тапкан акча-тыйыны күнүмдүк турмушуна өп-чап жетип, эл катары күнүн өткөрүп аткан. Эми кандай кылат, ушундайда ашыкча акчаң болсо ээ! Бирок, ашыкча акча эч кимде жок, байларда да жок.

Дөөлөттүн башына улам-улам таразага түшүп, беш сомдон берип туруудан башка амалы жок эле. Кыз да таанып калыптыр, улам эле таразага түшө берген байкесинен акча албайм деп чыкты. Дөөлөт калп айтты, врачтар арыкта деп айтканынан күндө таразага түшүп туруш керектигин кобурады. Бала эмеспи, байкесинин калпына ишенди. Болбосо акчасын албайм деп жаткан. Салмагын көбөйтүш үчүн ичине суу куюлган бөтөлкө салып алган. Анан да үйүнөн шоколад, таттуу салып чыга турган болду. Арыктагысы келген кишиге таттуу жеген болбойт десе кыз ишенди.

“Кыз шоколадды алып, таразанын жанында турган баштыкка салып койду.

-Бөбөгүм аябай сүйүнө турган болду. Күнүгө үйгө барганымда “мага эмне апкелдиң?” – деп чуркап чыгат байкушум. А мен болсо... бирдеке алып барайын десем тыйыным жок...
-Атаңчы? Атаң алып бербейби?
Кыз мостоё түштү.
-Атам жок. Каза болуп калган.

Дөөлөттүн жүрөгү зырп эте түштү. Ал кыздын кыйын турмушта жашарын сезип-туюп эле жүргөн. Бирок, ата-энеси жок жетим экенин билген эмес эле. Батирде жашаган же көп балалуу үйдө туулган кыз болсо керек, ата-энесинин тапканы жетпегенинен аларга жардам бериш үчүн тараза тартып жүрөт го деп ойлогон”.
Дөөлөт ошондон кийин күн сайын кыздын таразасына түшчү болгон. Тигинин таң калганына сүйүнөт, кечээки эле салмагы, “сиз көп жөө басышыңыз керек экен” дейт. Дөөлөттүн шылтоосу түгөнүп баратты. Ушу кызга тыйын болуп калса деп автобус, троллейбуска деген акчасын аяп кыйла жерге жөө басчу болду. Кыз Дөөлөт келатканда жарк эте күлүп, атасын көргөндөй жадырап-жайнап тосуп алат. Байкесинин арыктай албай жатканына кейийт.

Ажал аяды окшойт

Акыры кылычын булгаган кыш кетип жаз келди. Дөөлөт арыктай албай жүргөн чакта таажы вирус апааты башталды. Оору капыс чыкты, Дөөлөттүн эки өпкөсү сезгенип катуу жыгылды. “Тез жардам” чакырышса, шалдырканы чыккан машине менен келген ак халатчандар аны шаардагы ооруканалардын баарын кыдыртты окшойт. Бирөөсү да кабыл албады, орун жок экен. Айласы куруган дарыгерлер аны үйүнө таштап кетишти. Анан телефон менен чакырмайлар токтоду, трубканы эч ким албай, баары өзү менен өзү болуп калды.

“Кыйын кезең адамдардагы жакшы сапаттарды да, жаман сапаттарды да ачып көрсөтөт экен. Улам бир оорукананын эшигин сагалап, анализ тапшырганга, рентгенге түшкөнгө күндөп-түндөп кезек күткөндөрдү көрдү. Кээ бир врачтар кымбат баалуу машина минип келгендерди ичкери киргизип, жөө келгендерди жолотпой коюшкандарын көрдү. Так оорукананын эшигинин алдында эстен танып, үзүлүп кеткендерди, пневмонияга колдонулчу 700 – 1000 сомдук дарыларды бир машинага алмашкандарды да көрдү анын азап тарткан көздөрү.

“Мен болбой калдым окшойт... Балдарды эми өзүң жакшылап кара” деп аялына керээзин айтып, коштошуп, аялы болсо муңканып ыйлаган күндөрү болду.

Ооруканага жата албай койгон соң участкалык врачка рецепт жаздырып алып, бир айдай үйүндө дарыланды. Тааныш медсестра күнүгө Пишпектен “Арча-Бешикке” жөө каттап, укол салып атты”.

Оору менен алпурушуп бир буту көрдө турганда да байкуш кызды эстеп жатты. Кантти экен, ооруп калбады бекен? Ал ооруса үйүндө эжесин күткөн бөбөгү кантет? Суроодон суроо - ансыз да денеси шалдырап, бул жарыкчылыктын ташпишинен көңүлү калган бечараны аябай жүдөттү.

Ал айыгып, таажы вирус азыноолок басаңдап жумушуна чыккан кезде жай аяктап бараткан. Жаз-жай бою оору менен алпурушуп эмнелерди гана көрбөдү, эмнелер гана башына келбеди?! Ичер суусу түгөнө элек окшойт, аман калды. Дөөлөт ушунусуна топук кылды. Өлүп калса буга үмүт арткан бечара кыз колдоосуз, таянычы жок калчудай бир кызык сезим аны бекем кармап туруп алды. Ким билет, балким ушул сагыр кыздын тилеги жардам берип Дөөлөт аман калгандыр. Дөөлөттү көргөндө бечара кыз атасын көргөндөй сүйүнүп келип кучактап калды.

“-Байке, сизди ооруп калган окшойт деп аябай сарсанаа болбодумбу,- деди ыйламсырап. – Чалып сурайын десем, же телефонуңузду билбейм... Сизди кайра эсен-соо көрсөм экен деп күнүгө Кудайдан тилеп аттым... Бөбөгүмө Кудай кичинеке-ей балдарды жакшы көрөт, эмне тилек кылсаң берет, сен да байке оорубасын деп тилечи десем, ал да дуба кылып атты байкушум...
Дөөлөт да кызды кайра көргөнүнө, мурдагыдай жумушуна келгенине, дегеле тирүү жүргөнүнө сүйүнүп турду.

Кыз Дөөлөттү баёо, таза көздөрү менен баштан-аяк бир карап алды.

- Аябай арыктаптырсыз, байке. Таразага түшөсүзбү?

- Ооба да. Эми семириш керек...

Дөөлөт аялдаманы көздөй баратты. “Садагаң кетейин” деди ичи элжиреп. “Балким, менин айыгып кетишиме ушул кыз себеп болгондур? Балким, мени ата мээримине зар болгон ушу жетим кыздын күнүгө кылган дубасы сактап калгандыр?”.

Бет алдынан келаткан кишилер эки көзүнөн жаш шоргологон арык кишини таң кала карап өтүп жатышты...”.

Бул Дөөлөттүн кубанычына ортоктош болгон сүйүнүч жашы эле. Оңойбу анан, капыс келген оору анын көп нерсеге көзүн ачты. Жашоо-турмушун дагы бир ирет көздөн өткөрүүгө, эмнеге жашап жатканына акыл калчап, өзүнө эсеп-кысап берүүгө мажбур кылды. Аны ажалдын чеңгелинен көчө боюнда керелден-кечке беш сом үчүн турган кичинекей кыз эле сактап калды окшойт.

Кыздын беш сомдук таразасына түшкөн адам деле аз болчу. Шаардын киши көп каттачу көчөлөрүндө андай таразалар көп турчу. Беш сом үмүт кылгандардын көбү кары кишилер, жашоо-турмуштан кыйналган адамдар эле. Көчөт кыздын болсо алардын катарында туруп калышынын себеби деле жөнөкөй болчу. Кошунасынын тушоо тоюнда бул кыз биринчи призге жетсем деп жанталашкан. “Утуп алсам нан бышырып сатам деп жанталаша чуркап баратам, чуркап баратам... Жетпей калбадымбы” деп арман кылганын эшиткен.

Дөөлөт колуна акча тийип калса ушул кызына нан бышыра турган духовка алып берүүнү ооруп жатканда эле ойлоп койгон. Жалгыз таразаны карап отургуча нан бышырып саткан жакшы да. Кыздын нанын шаардыктар талап алып турушса, ал болсо бөбөгүнө шоколад, таттууларды алып барып сүйүнтүп турса Дөөлөткө мындан артык бакыттын кереги жок эле.

Көзү чачыраган зарыл бирөөгө кылган жакшылыктан өткөн бийик нерсе бул дүйнөдө жоктур. Андай жакшылыкты дүйнөгө токпейил карагандар гана жасай алышат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG