Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Кемпир-Абад иши: Аудиолорго жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкты


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазмаларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, аны менен адвокаттар таанышып жатат. Бул тууралуу маалыматты 5-февралда “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастады.

Анын айтымында, адвокаттар корутундунун жыйынтыгына жана процедуралык маселелерге нааразы болуп жатышат.

“Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Экспертизанын жыйынтыгында кармалгандардын айрымдарынын сөзүндө “кылмыштын курамы бар”, айрымдарынын кебинде “кылмыштын курамы жок” деп берилиптир. Кимдердики кандай чыкканын, азыр айта алышпайт, себеби ишке “жашыруун” деген гриф берип коюшкан. Анын үстүнө адвокаттардын баары тыянакты колуна ала элек. Алгандары макул болбой, кайрадан башка экспертиза өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ал боюнча өзүнчө соттук иш жүрүшү мүмкүн. Башка маселе, адвокаттарды тергөө абагына чакырып, корутунду менен ошол жерде тааныштырып жатышат. Бул мыйзамсыз болуп саналат. Себеби, тергөөчү эч качан абак жайына кирбеш керек. Тергөө абагына адвокаттарды телефону жок киргизет, алар ишти тартып алышпасын деп, атайын ошол жакка киргизип жатат”, – деди Азиза Абдирасулова.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дан ашык киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү тууралуу арыз менен сотко кайрылышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG