Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Украинанын армиясы Орусиянын жоготуусу 130 миңден ашканын маалымдады


Украинанын жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын согуштагы жоготуулары 131 290 адамды түзгөнүн маалымдады. Бул тууралуу мекеменин 5-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.

Украин армиясынын жетекчилиги жаңыртылган маалыматында ушул күнгө чейин Орусиянын 3220 танк, 6405 чопкутталган транспортун жана 2226 артиллериялык системаларын жок кылганын тактады.

Мурдараак New York Times басылмасы америкалык жана башка батыш аткаминерлерине таянуу менен Украинада өлгөн жана жарадар болгон орус аскерлеринин саны 200 миңге чукулдаганын кабарлаган.

Соңку суткада Бахмут шаарында айыгышкан кармаш өтүп жатканын Орусиянын “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин билдирген.

Орус тарап аталган шаарды бир нече айдан бери басып алууну көздөп жатат, ушул маалга чейин калаа дээрлик талкаланып калганы маалымдалган. Украин президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Бахмут үчүн күрөшүн уланта берерин билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун билдирген. Аз күн мурда британиялык BBC каналы жана орусиялык Mediazona басылмасы чогуу жасаган иликтөөсүндө 13 миңден ашык орус аскери өлгөнүн ачык булактар аркылуу ырасташкан.

Украинанын өзүнүн жоготуулары тууралуу да маалымат бир кылка эмес. Мурдараак президент Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк согушта Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготконун маалымдаган. Ошол эле маалда айрым америкалык булактар New York Times басылмасына украин тарап да 100 миңдей аскерин жоготконун билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG