Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылганын билдирди


Ыдырыс Исаков
Ыдырыс Исаков

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “Азаттыкка” ырастап, аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин тактады.

Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаковдун суракка чакырылышы боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берилерин маалымдады.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG