Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кинорежиссер Геннадий Базаров дүйнө салды


Геннадий Базаров. 2019-жылы тартылган сүрөт.
Геннадий Базаров. 2019-жылы тартылган сүрөт.

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Геннадий Базаров "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун "Азаттыкка" курган соңку маеги:

70-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу “Көчө” жана “Зеница ока” тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносунун азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, адамдардын эмгеги менен эрдигин, ички дүйнөсүн чагылдырууга көңүл бурган.

80-жылдардын ортосунан тарта “Биринчи”, “Приют для совершеннолетних”, “Заговор”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, “Солёная долина”, (Туздуу чөл) аттуу көркөм тасмаларды жараткан.

90-жылдары “Периштенин күнү”, “Антракт”, “Түндө” аттуу кыска метраждуу тасмалары жарыкка чыккан. “Айтматов” жана “Сказ об искусстве” толук метраждуу даректүү тасмалары да элге кеңири белгилүү болгон.

Режиссёр 1994-жылдан тарта Коомдук телерадиоберүү корпорациясында “Альтернатива” автордук программасынын алкагында маданият ишмерлери тууралуу кеп кылып, жалпы эле борбор азия чөлкөмүндөгү кино жана маданият тармагында көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келген.

Өткөн жылы Базаровдун 80 жылдык маарекеси кеңири белгиленип, өлкө аймактары бир катар иш-чаралар өткөн эле. 2022-жылдын декабрында ага II даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG