Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Украин коргоо министри Орусия жаңы чабуулдарга камданып жатканын айтты


Украин коргоо министри Алексей Резников Киевдеги маалымат жыйынында. 5-февраль, 2023-жыл.
Украин коргоо министри Алексей Резников Киевдеги маалымат жыйынында. 5-февраль, 2023-жыл.

Украин коргоо министри Алексей Резников Орусия Украинага басып киргенинин бир жылдыгын утурлай жаңы чабуулдарга өтүшү мүмкүндүгүн айтты. Ал украин армиясы мындай чабуулдардын мизин кайтарууга даяр экенин 5-февралда Киевдеги маалымат жыйынында билдирди.

"Албетте, биз алардын кийинки чабуулдарына даярданып жатабыз. Биз алар символизмди жакшы көрөрүн билебиз. Алар ушуга чейин аракет кылып келишти. Бирок "атайын операциясына" бир жылдан бери кирише албай коюшту. Андыктан алар бир нерсе ойлоп табууга аракет кылат", - деди Резников.

Ал НАТОнун Украинага жөнөтүп жаткан жаңы танктары Киевдин Орусияга каршы контрчабуулдарында "темир муштум" болуп берерин айтып, Батыш мамлекеттерин украин армиясын аскердик учактар менен да камсыз кылууга чакырды.

Резников украин армиясы АКШдан ала турган узак аралыктагы ракеталарды Орусиянын негизги аймагына сокку уруу үчүн колдонбой турганын белгиледи.

Орусия Украинага басып киргенине 24-февралда бир жыл болот. Бул датанын алдында Москва жаңы аскердик чабуулдарга даярданып жатканын украин бийлиги байма-бай айтып жатат.

Дээрлик бир жыл ичинде орус армиясынын согуштагы жоготуулары 131 290 адамды түзгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-февралда билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG