Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Чоң-Алай: тоодо жоголгон тургундун сөөгү кар көчкү алдынан табылды


Тоодо жоголгон жаранды 20дан ашык милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан куралган топ издеген.
Тоодо жоголгон жаранды 20дан ашык милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан куралган топ издеген.

Оштогу Чоң-Алай районунда тоодо дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү көчкү алдынан табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 5-февралдан 6сына караган түнү 27 жаштагы жаран табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада аны 20дан ашык милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан турган топ издеген.

"Ал жаран милициядан уруксат алган, каттоодо турган куралы менен айылдын беш мергенчиси болуп карышкыр атуу үчүн Кулчу айылынын тоолоруна барган. Ошол жерден жолду кыскартуу үчүн мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшкөн бойдон дайыны чыкпай калган. Мергенчилер артынан барганда маркум жөнөгөн жолго кар көчкү түшкөнү аныкталган. Бул факт райондук милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү уланууда",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызгидромет борбору буга чейин чукул билдирүү таратып, 4-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана алдыдагы жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү ыктымалдыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG