Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Салык кызматы: былтыр 19,7 млрд. сом жашырылган салык табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы 2022-жылы жашырылган салыкты табуу үчүн 16 миңден ашык текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын натыйжасында кошумча 19,7 миллиард сом табылганын маалымдады.

"Салыктык текшерүүлөрдүн материалдарынын негизинде келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылардагы төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 миллиард сомду сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд. сомго көп. Мындан сырткары, 2022-жылы салык органдары тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына 4,1 миллиард сомдук салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалын жөнөткөн. Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлердин салык жашыруу бөлүгүндө келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр жалпысынан 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Салык кызматы белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго ашыкча аткарылганын, бул 2021-жылдын көрсөткүчүнөн 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG