Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

"Кемпир-Абад иши": Перизат Суранова ооруканага которулууга жардам сурады


Перизат Суранова.
Перизат Суранова.

“Кемпир-Абад” ишине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Перизат Суранова өлкөнүн акыйкатчысына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана юстиция министрине кайрылып, тез арада тийиштүү ооруканага которулуп, дарылануусуна шарт түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган кайрылуусунда ал өзү менен чогуу камалгандарды басмырлоо фактыларын текшерип, эмне үчүн аларга тийиштүү медициналык жардам алуусуна уруксат берилбей жатканын териштирүүнү суранды.

“Үч айдан ашык убактыттан бери камакта жатып ден соолугум күндөн-күнгө начарлап жатканы айдан ачык болуп турганына карабастан тийиштүү текшерүүдөн өтүп, ооруканага жатып, хирургиялык дарылануудан өтүү мүмкүнчүлүгүн ала албай жатам" деген Суранова операцияга муктаж болуп жатканын, оорусу өмүрүнө коркунуч жарата баштаганын айтты.

Өткөн аптада ушул эле иш боюнча камалып отурган саясатчы Равшан Жээнбеков да юстиция министрине, акыйкатчыга, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, ден соолугуна байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүсүнө жардамдашууга чакырган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG