Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ыдырыс Исаков Ош милициясына дагы чакыртылганын билдирди


Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясы аны 6-февралда дагы суракка чакырганын билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр 5-февралда суроолор толук берилбей калганын айткан. Шаардык ички иштер башкармалыгы журналисттин дагы чакыртылышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында шаардык милиция Исаков 5-февралда күбө катары суралганын билдирген.

"Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков "Альберт" деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, "уйгур мафиясын" билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпген убакыт болду",-деп жазылган маалыматта.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG