Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Аксы: УКМК пара алууга шек санаган акушерди кесиптештери колдоп чыкты


Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) пара алууга шек санаган райондук оорукананын акушер-дарыгери Асылзада Молорбаеваны кесиптештери колдоп чыкты. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, 6- февралда 11 врач нааразылык ирээтинде ишин тапшыруу үчүн арыз жазып, дагы 47 медайым да өз каалоосу менен иштен кетерин айтты.

Молорбаева өзү пара алган деген дооматты четке кагып, акчаны бейтап ыраазычылык ирээтинде өзү бергенин айтууда.

"Мен бейтап менен сүйлөшкөндө "мага жардам бергениңизге ыраазымын" деп жети миң сом берген, мен төрт миңин алып калганын кайтарганмын. Ошондон кийин эле УКМКнын кызматкерлери басып кирип "пара менен кармадык" деп жар салды. Эң өкүнүчтүүсү, иш тергөөдө турган учурда эле социалдык тармактарга жар салганы туура эмес болду" ,-деди Молорбаева.

Атайын кызмат 3-февралда коррупцияга каршы иш-чаралардын натыйжасында Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө "паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталган", деп билдирген.

"Облустук башкы башкармалыкка Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу, 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жатканына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Ыкчам тергөөнүн негизинде ал өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалган. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

УКМК Молорбаеванын дооматтарына азырынча комментарий бере элек. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG