Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондор 1200дөн ашты


Зилзалада урандылардын астынан жакындарын издеп жаткан адам.
Зилзалада урандылардын астынан жакындарын издеп жаткан адам.

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады.

Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде 221 киши набыт болгону кабарланууда.

Эки өлкөдө миңдеген адам жараат алды. Урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу уланууда.

АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган.

Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.

XS
SM
MD
LG