Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Тагаев менен Аскарова маданият министринин орун басарлары болуп дайындалды


Марат Тагаев жана Айнура Аскарова.
Марат Тагаев жана Айнура Аскарова.

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп журналист Марат Тагаев менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Айнура Аскарова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 6-февралда билдирди.

Жаңы дайындалган орун басарларды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ошол эле күнү эмгек жамаатына тааныштырды.

Буга чейин бул кызматты аркалаган Союзбек Надырбеков кызматтан кетти. Министрдин дагы бир орун басары Түмөнбай Колдошев быйыл январда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде ректор болуп дайындалган.

Айнура Аскарова 2019-2020-жылдары "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Марат Тагаев 2021-2022-жылдары “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG