Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Транспорт министрлиги: Кытайга каттаган 1,5 миңдей айдоочу визага муктаж


Бишкек-Торугарт жолу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Торугарт жолу. Архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен 6-февралда Бишкекте жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле, Кытайга каттаган, жүк ташыган айдоочуларга виза берүү маселеси көтөрүлдү.

"Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган, эл аралык жүктү ташыган айдоочуларга виза берүү шарттарын карап чыгуу талкууланды. Учурда Кыргызстандын 1,5 миңдей айдоочусу визага муктаж. Ду Дэвэн 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтер дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алына баштаганын белгиледи",-деп жазылган маалыматта.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев былтыр ноябрда Бишкекте элчи Ду Дэвэн менен жолугуп, өз ара кызматташууга байланыштуу бир катар маселелерди, анын ичинде жүк ташуу көйгөйүн талкуулаган.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайган. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Бишкек Бээжинден чек арадагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бажыканаларынан жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүнү өтүнүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG