Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарына бөлүндү


 Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты.
Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты.

Кыргызстан жөнөткөн куткаруучулар тобу Түркияга жетти. Социалдык тармактарда алар Стамбул аба майданынан жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына учканы жатканы тартылган видеолор тарады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралда Түркияга 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн. Алардын арасында эки ит менен кинолог, дарыгерлер жана психологдор бар.

Министрлик Кыргызстандан баргандар тамак-ашы, чатыры жана башка керектүү шаймандары менен кеткенин билдирген.


Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-февралда Түркия үчүн атайын эсеп ачылып, акча чогултуу башталганын кабарлаган

Анын алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун маалымдаган.

Соңку кабарларга ылайык, Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды. Алдын ала эсепке ылайык, алты миңден ашык турак жай, имарат кыйрады, миңдеген адам көчөдө калды. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады. Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG