Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кутманова: "Эти Бакыр-Терексай" өкмөткө 317 млн. долларлык доо койгон


"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.
"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Чаткалда кен казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясына байланыштуу маалымат берди. Ал 7-февралдагы жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган компания кыргыз бийлигине 317 миллион долларлык доо койгонун, ушунча суммадагы акчаны кайтарып берүүнү талап кылганын билдирди.

"Бул сумма алардын чыгашасы. Бирок биз мекемелер аралык комиссия түзүп, алар кенге барып келген. Бул сумма кыйла азайтылган. Кыскача айтканда, мунаса табылды. Биринчи тапшырма - инвесторду кетирбөө болчу. Алар кетпейт, ишти улантат. Биздин максатыбыз инвестициялык климатты, имиджди бузбоо үчүн аларды калтыруу болчу",-деди Кутманова.

Өткөн айда түрк инвестору үлүшүн Кыргызстанга берип, долбоордон чыгып кетери айтылган. Буга өкмөттүн алтын кошулмасын тышка ташууга тыюу салганы, жаңы салык режими, алтын корунун аздыгы жана алтын чайкоодогу өндүрүштүк кемчиликтер себеп болуп жатканы белгиленген.

"Эти Бакыр Терексай" өзү соңку жагдай тууралуу расмий комментарий бере элек. Буга чейин айрым жергиликтүү тургандар бул компанияга экологияга байланыштуу нааразы болуп, бир канча жолу акция өткөргөн жана бийликке кайрылып келген.

"Эти Бакыр Терексай" Юстиция министрлигинен 2015-жылы каттоодон өткөн. Анын 75% үлүшү түркиялык "Эти Бакыр", калган 25%
"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 млн. доллар төлөгөн.

XS
SM
MD
LG