Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Бишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады


Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жетип, дагы 20 миңден ашык адам жараат алды.
Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жетип, дагы 20 миңден ашык адам жараат алды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун билдирди. Анда үй-жайсыз калгандарга керектүү, суукка ыңгайлуу кийим-кечелер жана чатыр, жууркан-төшөк, керебет өңдүү буюм-тайымдар жаңы болуп, жылтырык баштыктарга салынышы керектиги белгиленген. Андан сырткары көп убакытка сакталчу тамак-аштар дагы кабыл алынары жазылган.

Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсептерин көрсөттү.

Буга чейин социалдык тармактарга Түркияда катуу жер титирөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп жаткан.

"Анадолу" маалымат агенттиги Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жеткенин, дагы 20 миңден ашык адам жараат алганын жазды. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү ыктымал.

Коңшу мамлекет Сирияда 1,5 миңдей киши набыт болуп, дагы жүздөгөн тургун жабыркаганы кабарланууда. Мындан улам Түркия менен Сирияда курман болгондордун саны беш миңге чамалады.

Расмий Анкара үч миңдей имарат, турак жай кыйраганын билдирген. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогон кандуу кырсыктан улам өлкөдө бир жума аза күтүү жарыялады.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

XS
SM
MD
LG