Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Медиа тармагы: Маматокторов репрессиялык мыйзамдар болбошу керектигин айтты


Бишкектеги сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” азыркы абалы талкууланган жыйын. 7-февраль, 2023-жыл.
Бишкектеги сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” азыркы абалы талкууланган жыйын. 7-февраль, 2023-жыл.

Бишкектеги сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” азыркы абалы талкууланган жыйында медиа эксперт Шаирбек Маматокторов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу керектигин айтты. Ал бул документке өзгөртүү киргизилсе деле абал баары бир жакшырбасын, мындай репрессиялык мыйзамдар такыр болбошу керектигин айтты.

“Аны оңдоп-түзөп, башка формада кабыл алабыз дегенибиз туура эмес. Мыйзам кабыл алуунун принциптеринде жарандардын жашоосун оорлото турган мыйзамдарды кабыл албаш керек. Өз ара мамилелерди "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамы менен чечишип алсак болот. Ошон үчүн бул мыйзам түпкүлүгүнөн болбошу керек эле. Медианын ишине бийлик аралашпай эле койсунчу", - деди Маматокторов.

Мунун алдында Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев бул жыйында жалган маалыматтан коргоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору бир жуманын ичинде парламенттин тиешелүү комитетине жөнөтүлөрүн билдирген. Анын маалымдашынча, бул долбоор медиа мекемелерге өз позициясын далилдөөгө шарт түзүп берет. Ошондой эле бийликтин каалаган сайтты жаап салуу аракетин татаалдаштырат.

"Бул мыйзам долбоорун кабыл албасак, азыркы тенденция абдан кооптуу. Эл аралык ири медиа болгон "Азаттыкты" бүгүн, эртең башка эркин медиаларды жаап салуу коркунучу бар. Мыйзам ушуга жол берет. "Бир кат менен жаап коебуз" деген өнөкөт пайда болушу мүмкүн. Мурда кайсыл бир журналисттин же блогердин суракка чакыртылышы резонанс жаратса, азыр кадыресе көрүнүш катары кабыл алына баштады", - деди депутат Акаев.

Чуулгандуу "Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамын Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары сүрөп, коомдун каршылыгынан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган. Кийин бийликке келген Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Маданият министрлиги кайсыл бир сайттын бөгөттө чечимин өз алдынча кабыл ала алат.

Бишкекте 7-февралда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” деген аталыштагы жыйын өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзамдын нормаларын аткаруу тажрыйбасы, сөз эркиндигинин абалы тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда бул документтин айынан " Азаттык Медиа” баштаган бир катар эркин медиаларга карата кысым башталганы белгиленүүдө.

Былтыр 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган жана сот арызды канааттандырган эмес.

Аталган министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Анын арызы 9-февралда каралат. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG