Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Түркия менен Сирияда зилзаладан каза тапкандар 7200дөн ашты


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды. Алдын ала эсепке ылайык, алты миңден ашуун турак жай, имарат кыйрады, миңдеген адам көчөдө калды. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады. Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG