Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Түркияда уранды астынан 8 миңдей адам куткарылды


Кыйраган үйлөрдүн бири.
Кыйраган үйлөрдүн бири.

Түркияда зилзалада кыйраган имараттардын урандыларынын астынан 7840 адам куткарылды.

Бул тууралуу Чукул кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезар билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, 6-февралдагы жер силкинүүдө курман болгондор 3381ге жетти. Дагы 20 миң 400дөн ашууну жабыркады.

Зилзалада Сирияда бери дегенде 1400 кишинин өмүрүн кыйылып, 3500ү жараат алганын Reuters Башар Асаддын өкмөтүнүн маалыматтарына таянып билдирди.

Эки өлкөдө набыт болгондор 5 миңге чамалады. Миңдеген үйлөр кыйрап, бир канча шаарда издөө-куткаруу иштери уланууда.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймактарда таңга жуук күчү 7,8 балл, түш оой 7,5 балл силкинүү болгон.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Миңдеген киши үй-жайсыз калган алааматтан кийинки куткаруу, тазалоо иштерине ондогон мамлекеттер көмөк сунуштады. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG