Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

"Торугарт" өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди


"Торугарт" өткөрмө бекети.
"Торугарт" өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү убактылуу токтотулганын 7-февралда билдирди.

Буга Кытайдын аймагындагы жолдордун бирине таш кулаганы себеп болгону айтылат.

Учурда кытай тарап жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Мекеме жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө качан уруксат берилерин тактаган эмес. Бул боюнча кошумча маалымат болорун билдирди.

Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

Кытай кыргызстандык жарандардын "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтүшүнө үч жылдан кийин, 9-январдан тарта уруксат берген. Аталган бекет 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу толук жабылып, кийин машине өткөрүү үчүн гана ачылган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG