Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

WSJ: Москва менен Тегеран Орусияда дрон чыгарууну көздөп жатат


Шахед учкучсуз учагы. Киевде тартылган сүрөт.
Шахед учкучсуз учагы. Киевде тартылган сүрөт.

Москва менен Тегеран Орусиянын аймагында учкучсуз учак чыгарган завод ачууну көздөп жатканын The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Басылмага маалымат бергендердин айтымында, 5-январда ирандык делегация Татарстандын Алабуга шаарына келип, завод куруу пландалып жаткан жерди көргөн.

Жылына кеминде 6 миң дрон чыгарууга ылайыкталган завод эки өлкө ортосундагы 1 миллиард долларлык келишимдин бир бөлүгү экени айтылууда.

Январда АКШнын Соода министрлиги дрондорду долбоорлоо жана өндүрүү менен алектенген жети ирандык компанияга экспорттук чектөөлөрдү, Ирандын учкучсуз учактарын Орусияга жеткирүүгө көмөктөшкөн деп шек саналган Shahed Aviation Industries Research Center, Paravar жана башка компанияларга каршы санкцияларды киргизген.

Киев жана эл аралык коомчулук Москваны Украинага сокку урууда Ирандын "Шахед-136" учкучсуз учактарын колдонууда деп айыптайт. Орусия менен Иран муну четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG