Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Равшан Жээнбеков экспертизанын жыйынтыгын сынга алды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы Равшан Жээнбеков сүйлөшүүлөр жаздырылган аудио жазууларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусун сынга алып, мыйзамсыз деп атады. Саясатчынын бул тууралуу каты 7-январда социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анда Ички иштер министрлигинин улук тергөөчүсү Улан Жапековдун Casa Italia кафесиндеги сүйлөшүү жаздырылган аудиосун экспертизага бергенин жазган.

“Экспертизага Кемпир-Абад боюнча комитеттин ар бир мүчөсүнүн сөзүн бербегени жана баарын бир бергени таңкалычтуу жана мыйзамсыз. Бул тергөөчүнүн мыйзамга каршы жана адис катары өз ишин билбегендиги”, - деп жазган Жээнбеков.

Ал улук тергөөчү Улан Жапеков экспертизаны бурмалап, мыйзамсыз аракеттер менен аларды тез арада соттотууга аракет кылып, эксперттер бийликтин тапшырмасын аткарып жатканын белгилеген.

Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазмаларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, аны менен адвокаттар таанышып жатканын 5-февралда “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастаган.

Ал адвокаттар корутундунун жыйынтыгына жана процедуралык маселелерге нааразы болуп жатканын билдирген.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG