Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

АКШда жаныбарлардын 40%, өсүмдүктөрдүн 34% жоголуу коркунучуна кабылды


Үлүлдөр эң аялуу топко кирет
Үлүлдөр эң аялуу топко кирет

АКШда жаныбарлардын 40% жана өсүмдүктөрдүн 34% жок болуу коркунучуна кабылып, экосистеманы олуттуу зыян тооруп турат.

АКШ менен Канаданын жаратылышты коргоо боюнча NatureServe изилдөө тобунун баяндамасында ушундай тыянак чыгарылды.

Илимпоздордун беш жылдык изилдөөсү көрсөткөндөй, жаныбарлардын ичинен үлүлдөр эң аялуу топко кирет: алардын 74% жок болушу ыктымал. Окумуштуулар сүт эмүүчүлөрдүн 18% , канаттуулардын 12% тагдыры ушундай болорун болжолдошот. Өсүмдүктөрдөн кактус эң аялуу топко кирет, анын көп түрү жоголуп баратат.

Окумуштуулар фаунага жана флорага климаттын өзгөрүшү, оорулар, адамдардын табиятка жасаган терс мамилеси жана оорулар себеп болуп жатканын белгилешти.

NatureServe тобунун жетекчиси Шон О'Брайен бул баяндама депутаттарды бир жылдан бери каралбай турган жапайы жаратылышты калыбына келтирүү мыйзамын кабыл алууга түртөт деп үмүттөнөрүн айтты. Мыйзам долбоору кабыл алынса, жапайы жаратылышты коргоо үчүн штаттарга 1,4 миллиард доллар бөлүнөт, азыр ал 50 миллион доллар.

Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондунун (WWF) отчетуна ылайык, 1970-жылдан бери жер бетиндеги жапайы жаныбарлардын популяциясы 69% кыскарган.

2022-жылдын октябрында британ юристтери климаттын өзгөрүшүнө жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна каршы күрөшүү үчүн жаныбарлардын, бак-дарактардын жана дарыялардын укуктарын таанууну сунуш кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG