Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Украинада ИИМдин жана Коопсуздук кызматынын жетекчилери дайындалды


Украинанын Жогорку Радасы Василий Малюктун Коопсуздук кызматынын башчылыгына, Игорь Клименконун ички иштер министри кызматына дайындалышын колдоду.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, мурдагы президент Петро Порошенконун "Евросолидарность" фракциясы жана "Голос" фракциясы добуш берүүдөн карманышты.

18-январда Киев облусундагы Бровары шаарында тик учак кулап, жыйырмадай киши каза тапкан, арасында ички иштер министри Денис Монастырский да болгон.

Украинанын Жогорку Радасындагы “Слуга народа” фракциясынын башчысы Давид Арахамия коргоо министри Алексей Резниковдун кызматтан кеткенин, анын ордуна министрликтин чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов дайындаларын билдирген.

"Азыр күч органдарын саясатчылар эмес, тармакты жакшы билген адам жетектеши керек", - деди ал. Жаңы дайындоолор качан болорун ачык айткан жок.

XS
SM
MD
LG