Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

ЕБ Орусияга каршы экономикалык санкцияларын жайга чейин узартты


Европа Биримдигинин кеңеши Орусиянын банк, финансы жана энергетика секторуна каршы экономикалык санкцияларын 2023-жылдын 31-июлуна чейин узартуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу аталган кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматта санкция алгач 2014-жылы Украинадагы кырдаалды дестабилизация кылганы үчүн Орусияга жооп катары салынганы белгиленген. Санкциялар Орусияга Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери кыйла кеңейтилген.

Ушул тапта чектөөлөр соода, финансы, технология, өнөр жай, транспорт, баалуу товарларга кирди.

Мындан сырткары Орусиядан ЕБга деңиз аркылуу чийки мунай жана мунайзаттарын ташууга тыюу салган.

Орусиянын он чакты банкы SWIFT системасынан өчүрүлгөн. Бул система аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу маалымат алып турат. Ага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Орусиянын айрым ЖМКларына лицензия берүү токтотулган.

Орусиянын Украинага карата агрессиясынан кийин Европа Биримдиги тогуз жаңы санкциялардын пакетин киргизген.

2023-жылы ЕБ санкциянын онунчу пакетин киргизүүгө даярданып жатат. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ага Орусиянын өзөктүк тармагы, анын ичинде “Росатомго” каршы чектөөлөр бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG