Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

ТИМ кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежеси боюнча элчиге кайрылды


Казакстанга келген орусиялыктар.
Казакстанга келген орусиялыктар.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар, такси айдоочулар жана курулуш, тамак-аш тармагында иштегендерге тоскоолдук жараларын белгилеген.

Казак дипломаты чек арадан өтүү жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда жүрүү эрежелери мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар экенин түшүндүргөн. Элчи Жошыбаев бул маселени тийиштүү органдын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууда талкуулоону сунуштады.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калууну пландаган чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Мигранттардын маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен сүйлөшкөнүн парламенттин шаршембидеги жыйынында айтты.

Азырынча Астана бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Орусияда былтыр күздө армияга мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орус жараны Казакстанга кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG