Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Өзбекстанда Human.uz сайтынын журналисттерди кармалды


Басылманын эшигине мөөр басып кетишти.
Басылманын эшигине мөөр басып кетишти.

Өзбекстандагы коомдук-саясий окуяларды чагылдырган Human.uz сайтынын бир канча кызматкери кармалды. Арасында басылманын директору Хуршид Далиев, сайттын башкы редактору Муслим Мирзажонов бар. Аларды өзүн "бийликтин кызматкерлерибиз" деп тааныштырган адамдар 27-январда эртең менен алып кеткени тууралуу ыкчам кабар сайттын Телеграмдагы каналына чыккан. Басылманын кеңсесинин эшигине мөөр басылды. Сайт бөгөттөлүп, кайра иштей баштады.

Жергиликтүү журналисттер кармалгандар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын, кайда экени белгисиздигин жазышты. BBC радиосунун кабарчысы жети киши кармалганын тактады.

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин башкы директорунун орунбасары, юрист жана блогер Хушнудбек Худойбердиев өз булактарына таянуу менен билдиргендей, журналисттер "Kompromatuzb Телеграм каналын иштетет" деген негизде кармалышкан. Алар салык мыйзамдарын бузган, көзбоёмочулук кылган деп айыпталууда. Худойбердиев басылманын кеңсесине Башкы прокуратура мөөр басканын кабарлады. Башкы прокуратура же башка органдар азырынча маалымат бере элек.

Human.uz сайтынын редакциясы бул жагдайды Өзбекстандын президентинин саясатына таптакыр карама-каршы келерин айтып, сөз эркиндигине коркунуч катары баалашты. Алар журналисттерди, блоггерлерди жана укук коргоочуларды окуяга көңүл бурууга чакырышты.

2021-жылы экинчи мөөнөткө шайланган президент Шавкат Мирзиёев мыйзамдуу иштеген журналист жана блогерлерди коргоого убада берген.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда сөз эркиндиги эң начар деп сыпатталып келген Өзбекстанда акыркы жылдары алдыга жылуу бар экени байкалганы менен эл аралык уюмдар журналисттер дагы эле көзөмөлдө экенин сындап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG