Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Парламентте КУУну Түштүк Кореяга күрөөгө койгондордун маселеси көтөрүлдү


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

27-январда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Түштүк Корея мамлекетинен алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселе кайра көтөрүлдү. Эл өкүлү Ырысбек Атажанов өлкөнүн олуттуу жогорку окуу жайын мындай кырдаалга кептеген тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуштады.

“Бул абдан уят иш. Ким күрөөгө коюп, насыя алган? Ал насыя кандай багытта иштегени жөнүндө маалымат берилсин. Ошол учурдагы тиешелүү жетекчилер жоопко тартылышы керек”, - деди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова КУУну күрөөдөн чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди.

“Көп жыл мурун Түштүк Корея мамлекетинен ошол университет аркылуу Исманкуловдун клиникасына насыя алынат. Насыя жабдыктар үчүн алынат. Бирок өз учурунда каражат Корея мамлекетине кайра берилген эмес. Министрлик азыр сотко бердик. Сот аркылуу бардыгын мыйзамдаштырып жатабыз”, - деди. Ал министрилик толук маалыматты кийинчерек берерин кошумчалады.

1997-жылы КУУ Бишкектеги “Көздүн микрохирургиясы” клникасы менен бирге университеттин алдында “Интергоспиталь” деген медициналык борбор түзүү тууралуу келишим түзгөн. Белгилүү көз догдур Алмазбек Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары дагы болуп турган. 1999-жылы Түштүк Кореядагы “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуу насыяга алынган. Буга байланыштуу 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон.

"Азаттык" мунун чоо-жайын иликтеп жазып чыккан. Кийинчерек кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Окуу жайды күрөөдөн чыгаруу үчүн Илим жана билим берүү министрлиги 2019-жылы, андан кийин 2021-жылы Исманкуловду сотко берген. Мекеменин өкүлү Бектур Ибрагимов Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген.

"Көздүн микрохирургиясы" клиникасынын» түптөөчүсү Исманкулов четтен алынган насыяга байланыштуу дооматтарга такыр үн ката элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG