Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ооганстанда катуу сууктан жарым айда кеминде 160 киши каза тапты


Ооганстанда катуу сууктун каарын тарткандар.
Ооганстанда катуу сууктун каарын тарткандар.

Ооганстанда сууктан кеминде 160 киши каза таап, 70 миңден ашуун мал-жандык кырылды. Айрым жерлерде сууктун күчү -34 гардуска чейин жетип, соңку жылдардагы эң катуу аяз каптады.

Ооганстанды башкарган "Талибан" өкмөтү 10-26-январь аралыгында эле кеминде 162 киши өлгөнүн билдирди. Тамак-аш тартыш өлкөдө дары-дармектин жоктугунан жалпысынан айыл-кыштактын элинин, малчылардын арасында өлүм-житим көбөйгөнү маалым болду. Көпчүлүк райондор менен каттам токтогон, жолдор жабык, ашууларда тоңуп калгандар бар.

Жергиликтүү элге жардам алып барган тик учактар бийик тоолуу райондорго коно албай жатканын "Талибан" өкмөтү билдирди. Карапайым эл эч кандай жардам келбегенин, нанга, отун-сууга акча жоктугун айтышат.

БУУнун чукул жардам уюштуруу боюнча координатору Мартин Гриффитс гуманитардык кризиске баткан өлкөдө 28 миллион киши жардамга муктаж экенин, алардын 6 миллиону "ачарчылыктын чегинде" турганын айтты.

40 миллионго чукул эли бар өлкөдө азырынча ачарчылыктын айынан каза тапкандар жок болгону менен гуманитардык кризисти токтотууга каражат жок.

Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы маалым болгон.

26-январда Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов Памирдеги кыргыздардын абалын билүү үчүн элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөнүн билдирди. Кыргыз бийлиги Чоң-Алай районунда памирликтер үчүн бардык шарты бар 400 үйдүн курулушу быйыл жазында башталарын убада кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG