Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Жеңиш Разаковду бир айга каматкан эки иш


Жеңиш Разаков. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 26-январь, 2023-жыл.
Жеңиш Разаков. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 26-январь, 2023-жыл.

“Алдамчылыкка” шек саналып кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 26-январда соттун чечими менен бир айга камакка алынды.

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, 24-февралга чейин убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камоо чечимин чыгарды. Шектүү мурдагы депутат Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалган.

ИИМ Разаковго эки кылмыш иши боюнча айыбы угузулганын билдирди.

Жеңиш Разаков өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу комментарий берген жок. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын "Азаттыкка" ырастады.

Анын адвокаты Айбек Өмүров кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен козголгонун тастыктап, буга негиз жок экенин айтууда.

"Бул иш козголбошу керек болчу. Анткени дал ушул сумма боюнча Жеңиш Разаков Биринчи Май райондук милициясына кайрылган, иш козголгон. Ал жерде Разаков жабырлануучу деп табылган. Ал жакта ушул эле сумма боюнча башка айыпталуучу бар, ага издөө жарыяланган. Жабырлануучу болгонуна карабай ушул эле сумма боюнча башка арыз жазылып, аны камап жатышат. Бул сумма башка кишиден алынган сумма болчу. Жеңиш Разаков Буркановдон акча алган деп айтылып жатат. Бирок андан алган эмес, башка кишиден андан чоңураак сумма алган. Ал сумманы кайтарып берип, 1 миллионун Мирлан Бекитаев деген киши алып изин жашырып кеткен. Бул боюнча арыз 2022-жылы мартта берилген. Ошондо Разаков бирөөдөн ушул сумманы карызга алат. Ал Буркановдун акчасы экенин берген киши айткан эмес. 2022-жылы эле Буркановдун дагы акчасы болгону билинип жатат. Акча 2017-жылы алынган", - деди адвокат.

Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча расмий маалымат таратып, ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айыбы угузулганын тактады.

Ал "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча шек саналууда. Расмий маалыматка караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда ал 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгондугу жазылган.

"2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арыз жазган. Жабырлануучунун арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген. 2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон", - деп жазылат ИИМ тараткан маалыматта.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, 2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. Кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук жана чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министри кызматынан 2020-жылы февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү активдүү жүрүп жаткан учурда алынган. Өзү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Разаков бийликте турган учурда анын дарегине түрдүү сындар айтылып келген. Алардын бири 2016-жылдын башында, Баткен облусун жетектеп турганда e-tadjikistan.org сайтына "Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тыңчысы иштеп жатат" деген макала чыккан. Анда Шабнами Собири аттуу кабарчы атайын кызматтын Согд облустук бөлүм башчысы Жеңиш Разаковду "тыңчылыкка" тартып алганын жазган. Баянда кыргыз аткаминери ага кайсы бир айыбы үчүн макул болгону жана азыр да кызматы үчүн тажик тараптан акы алып турары көрсөтүлгөн. Бул макаланы ошол учурда Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттарынын көбү которуп басып, айрымдары шилтеме берип чагылдырышкан.


Жарандык активисттер түзгөн "Чек ара" коомдук бирикмеси Разаковду кызматтан алууну талап кылган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар" делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирген.

Мурдагы вице-премьер-министер өзү да мындай маалыматтарды четке кагып, бул маселени көтөргөн депутаттарды сотко берерин билдирип, журналисттер менен соттошкон жайы бар. Ал 2020-жылы "Азаттыкка" курган комментарийинде да өзүнүн айланасындагы кептерди төгүнгө чыгарган.

"Бул таптакыр болбогон сөз. Кандай агент? Кантип? Ушунча жакшы жумуштар болуп жатса эмнеге ошондой сөз чыгарып жатат? Эгер мен тыңчы болсом ушул күнгө чейин тиешелүү органдар тактап, алып чыгышпайт беле? Губернатор болуп беш жыл иштедим, ошондо жакшы иштер жасалды. Ушуну, андан кийин кызматтан өскөнүмдү көрө албаган адамдар, душмандарым, кара ниеттик менен ушундай өтө жаман ушактарды таратып жатышат", - деген ал.

Разаков эмгек жолун 90-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы машине куруу заводунун бөлүмүндө устачылыктан баштаган. 1997-жылы ички иштер органдарына кирип, 2011-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилик кызматына жеткен.


2020-жылы Бишкек шаардык соту "Азия Ньюс" гезитин Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Мунун алдында аталган гезит Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын баяндаган. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу "ар-намысыма шек келтирди" деп сотко кайрылган.

Милицияга Разаковго чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Бурканов (Бурханов) Баткендеги таасирдүү адамдардын бири. 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп иштеген.

Бурканов сүрөдү делген "Ишеним" партиясы 28-ноябрдагы шайлоодо экинчи болуп келген.

2020-жылы бийлик алмашканда Садыр Жапаровдун жанында жүрүп, кеңешчиси дагы болгон. Ошондо Бурхановдун бийликтеги таасири боюнча ар кандай сөздөр айтыла баштаган. Жапаров өзүнүн маектеринин биринде Арзыбек Буркановдун атын атап, анын кадр маселелерине кийлигишпей турганын айткан. Ал президенттик шайлоодо Жапаровдун шайлоо фондуна ири сумма которгондордун сап башында болуп, 5 млн. сом которгону белгилүү.

Буркановдун аты соңку учурда айрым маалыматтарда аталып жүрөт. 2021-жылы муфтий шайлоодо аты аталып, өзүнүн жердеши Султан Гафуровду муфтийликке алып келүү аракетин көрүп жатканын айтышкан.

Мурдараак Дин иштери боюнча комиссиясынын мурдагы башчысы Акин Токталиев муфтийди кызматтан алууга жана өзүн иштен кетирүүгө дал ушул Буркановдун катышы бар экенин айтып чыккан.

Temirov Live Ютуб каналы былтыр жайында Баткенде Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу-дарылоо комплексин куруу боюнча тендерди Буркановдуку делген "Евразия Строй Сервис" курулуш компаниясы утканын билдирген. Анын аты журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер Батмакан Жолболдуеванын ишинде дагы аталган.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 53 жаштагы Арзыбек Бурканов учурда кандай кызматты ээлегени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG