Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” укук коргоо органдарындагы булактар ырастады.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG