Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Бишкекке келет


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.

Бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапары башталат.

Анын алкагында эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт.

Бул тууралуу 24-январда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Ички иштер министрлиги Мирзиёевдин мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилерин кабарлап, жарандарды буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Шаардык милиция башчысы ушул күндөрү Бишкектеги бардык мектептерде сабактардын убактысын кыскартууну сунуштаган каты жарыяланды. Анда чектөөлөрдөн улам балдардын мектепке, кайра үйгө жетишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн экени жазылган.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болот.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинин бул аракетин сынга алып, абактагыларды бошотууга чакырып келет. (TAb)

XS
SM
MD
LG