Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Украин армиясы Соледардан чегинди


Соледарда тартылган сүрөт
Соледарда тартылган сүрөт

Украин аскерлери Донецк облусундагы Соледар шаарынан чыгып, мурда даярдалган позицияларына чегиништи. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун өкүлү Сергей Череватый билдирди. Анын айтымында, бул кадам "өздүк курамдын өмүрүн сактап калуу" үчүн жасалды.

Череватый Соледардагы салгылашууларда орус аскерлери бир топ жоготууларга учураганын айтып, муну Орусиянын эки чечен согушундагы жоготууларына салыштырды. Анын ырасташынча, украин аскерлери курчоого алынган жок жана туткунга түшкөн эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-январда Соледарды көзөмөлгө алганын билдирген. Департамент шаарды ээлөөдө "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун жоочулары катышканы маалымдаган. Украина шаар орустардын көзөмөлүнө өткөнүн четке кагып келди.

Эксперттердин белгилешинче, Соледардагы жеңиш – Орусия үчүн оболу аскердик, ошондой эле коммерциялык мааниге ээ. Эгер украиндер аны колдон чыгарса, Донбасстагы стратегиялык Бахмут шаарына чабуулду күчөткөнгө ыңгайлуу база болмокчу. Бахмут - бир нече айдан бери орустардын катуу соккусуна каршылык көрсөтүп турат. Бул жер Украинанын чыгышына кетчү стратегиялык багыт болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG