Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жөтөлгө каршы дарыдан үч өлкөдө кеминде 300 бала чарчап калганына байланыштуу жагдайды иликтеп жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги тергөө жараяны менен тааныш булакка таянып билдирди.
Индияда жасалган “Док-1 Макс” препаратын ичкен балдардын каза болгону алгач 2022-жылдын июль айында Гамбияда катталган. Бул дарыны ичкен балдардын бөйрөгү жабыркаганы айтылган. Кийинчерээк Индонезияда жана Өзбекстанда ушундай фактылар болгон.
ДСУ Индия менен Индонезияда бул дарыны чыгарган алты компания колдонгон чийки заттар жөнүндө маалымат издеп жатат. Адистер балдардын өлүмүнө себеп болгон суюк дарыны даярдоодо диэтиленгликоль же этиленгликоль токсиндери колдонулган деп эсептешет. Өндүрүүчүлөр тергөөгө байланыштуу комментарий беришкен жок, бирок токсиндер колдонулганын четке кагышкан.
ДСУ бул дары Камбожа, Филиппин, Түндүк Тимор жана Сенегалда да сатылган болушу мүмкүндүгүн белгилейт жана ал жактарда иликтөө жүргүзүлмөкчү. Уюм бардык өлкөлөрдү жана дүйнөлүк фармацевтика тармагын сапатсыз дарыларды аныктоого жана аларды жок кылууга чакырды.
Декабрда Өзбекстанда “Док-1 Макс” дарысын ичкен 20 бала чарчап калгандан кийин Кыргызстанда да бул препаратты сатууга, колдонууга тыюу салынган.