Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Германия Украинага "Леопард 2" танктарын берет


"Леопард" танкы.
"Леопард" танкы.

Германия Украинага "Леопард-2" аталыштагы 14 танк берүүгө макул болду. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Хебестрейт билдирди. Берлин өнөктөштөрү менен бирге тез арада Украина үчүн эки танк батальонун түзүүнү көздөөдө.

24-январда Der Spiegel журналы канцлер Олаф Шольц Украинага кыйла заманбап үлгүдөгү "Леопард 2" танктарын берүү чечимин кабыл алганын жазган.

Берлин мындан тышкары башка өлкөлөрдүн да немис өндүрүшүндөгү танктарын Украинага жеткирүүсүнө уруксат берүүгө ниеттенип жатат.

Буга чейин Польша, Нидерланд жана Испания Берлин уруксат берсе Украинага "Леопард" танктарын жөнөтөрүн билдиришкен. Бул өлкөлөргө Италия, Дания жана Финляндия да кошулушу мүмкүн экени айтылууда.

ABC телеканалы анонимдүү украин булагына таянып, Киевге Германиянын уруксаты менен 12 өлкө болжол менен 100гө жакын "Леопард" танктарын берүүнү убадалаганын маалымдады.

Ал ортодо The Wall Street Journal гезити өз булактарына шилтеме кылып, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага М1 "Абрамс" танктарын берүүнү караштырып жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG