Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

"Чек арасыз кабарчылар" уюму "Азаттыкты" жабуу аракетин сындады


"Чек арасыз кабарчылар" уюму.
"Чек арасыз кабарчылар" уюму.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптады.

Уюмдун 24-январда сайтына жарыялган билдирүүсүндө бул "Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан басма сөз эркиндигине чоң тоскоолдук болору" жазылган.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Жанна Кавельенин билдирүүсүндө "мындай көрүнүш мамлекеттин жеке каалоосу мыйзамдан жогору турганын" көрсөтөрү айтылат.

“Азаттыктын” сайтынын жабылышы жана мекемени жабуу боюнча соттук териштирүүлөр иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен мыйзамсыз чыгарылышынын уландысы. Кыргызстан буга чейин сөз эркиндигин коргогон Борбор Азиядагы өзгөчө өлкө катары каралып келген. Бирок азыр кооптондурган авторитардык бурулуш болуп жатат. Биз “Азаттыкка” кадам-кадам жасалып жаткан цензураны айыптайбыз жана бийликти көз карандысыз маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз", - деди.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG