Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Эсептөө палатасынын төрагасы Кумтөрдөгү текшерүү тууралуу маалымат берди


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Кумтөр Голд Компани” ишканасын 2022-жылдагы Эсеп палатасынын текшерүүсү жөнүндө учкай маалымат берди.

“Кумтөрдүн мурунку жетекчилери (тышкы башкаруу киргизилгенге чейинки) түзгөн бухгалтердик жана башка система өзгөртүлгөн эмес экен. Биздин текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд. сомдой каржы бузуулар аныкталган. Бүгүнкү күндө жетекчиси, орун басарлары камакта отурат. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деди ал.

Акматов каржылык мыйзам бузуу боюнча Башкы прокуратура жана атайын кызмат териштирүү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү.

Кылмыш иштин алкагында "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалган. 2023-жылы 19-январда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG