Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Шаршеев чек арадагы жоготууларга моралдык жоопкерчилиги барын айтты


Уларбек Шаршеев.
Уларбек Шаршеев.

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында депутат Искендер Матраимов Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевди ал кызматта турганда төрт жолу куралдуу чатак чыкканы үчүн сынга алды.

Матраимов чалгын кызматы чек ара чатагын алдын алышы керек деп эсептейт.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев чек арачылар чыр-чатактарга даяр болуп, аймактык бүтүндүктү сактап калганын билдирди.

“Ар бир командирдин милдети өздүк курамга тарбия берип, кызматы аяктагандан кийин жоокерди ата-энесине тирүү тапшырып берүү. Бирок тилекке каршы жоготуулар болду. Ошого моралдык жоопкерчилигим бар. Аны четке какпайм”, - деди Шаршеев.

2022-жылы 14-17-сентябрдагы кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү ушундай эле күнөөнү Бишкекке оодарган.

Кыргызстан куралдуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 80ден ашуун кишинин тизмесин жарыялаган.

Эки тарапта тең каза тапкандар арасында балдар бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG