Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

ТИМ Памирдеги кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүлө баштаганын маалымдады


Ооганстандагы этностук кыргыздар.
Ооганстандагы этностук кыргыздар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын Памир аймагында жашаган кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүлө баштаганын билдирди. Мекеменин 25-январда берген маалыматында ооганстандык дарыгерлер тобу Памирге барып, дарылоо иштерин баштаганы айтылат.

17-январда ТИМдин Консулдук департаментинде Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушуу болуп, анда Кичи жана Чоң Памирде жашаган этностук кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүү макулдашылган.

Министрлик Ооганстандын бийлиги менен байланышта болуп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза болгонун "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу айтып берген.

Кыргызстан бул маалыматтарды бир нече булактан тактап жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Ал Кыргызстандын Ооганстан боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев бул багытта иштеп жатканын жана ошол маалыматты тараткан адам менен жолугушуу болгонун айткан.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей кыргызды (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG