Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

"Кемпир-Абадды коргоо комитети" "Азаттыкка" байланыштуу кайрылуу жолдоду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

"Кемпир-Абадды коргоо комитети" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианы” жабуу боюнча доо арызын айыптаган билдирүү таратты.

Комитеттин кайрылуусу 25-январда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда “Азаттык” радиосу ондогон жылдар бою элдин эң көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, коомго такталган маалымат жеткирип, социалдык-экономикалык, маданий маселелерди системалуу түрдө чагылдырып, бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык иштерин ачыктап келгени жазылган.

“Азаттык” бийлик менен оппозициянын ортосунда дагы дайыма бейтарап болуп, бардык тарапка аянтча түзүп бергени белгиленген.

“Өлкөбүздүн Маданият министрлигинин Тажикстандын агрессиясы маалында кыргыз жана тажик тарапка өз позицияларын айтууга бирдей мүмкүнчүлүк бергенин мыйзам бузуу катары карап, “Азаттыкты” жабуу чечимин кабыл алганы - акылсыздык же бийликтин буйрутмасы”, - деп айтылат билдирүүдө.

Комитет кыргыз бийлигин “Азаттыкты” жабуу чечиминен баш тартууга чакырган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз" деди.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

Былтыр октябрда саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Азыр 24ү Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG