Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Шабданбаев Кантта параимпиадачылар үчүн база салынарын айтты


Улуттук паралимпиада курама командасы.
Улуттук паралимпиада курама командасы.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев Кыргызстанда паралимпиадачыларга жакшы көңүл бурулбай жатканын билдирди.

Ал 25-январда парламентте депутат Дастан Бекешевдин сынына жооп берип жатып, келечекте паралимпиадачыларга шарт түзүү боюнча жаңы долбоорлор ишке кирерин айтты.

“Бүгүнкү күндө параспортчуларга шарт жок. Биз азыр кышкы спортко көңүл бура баштадык. Параспортчуларга ушул жылга планыбыз бар. Жакында Кант шаарында арабдар менен база салганы жатабыз”, - деди Шабданбаев.

2021-жылы Токиодогу XVI Паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандын жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча Арстанбек Базаркулов жана дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы катышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG