Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызын кароо 17-февралга жылды


Бүгүн, 26-январда "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы боюнча Бишкектин административдик сотунда алдын ала угуу өттү.

Судья министрликтин өкүлүн "Азаттык Медианын" сайтын жабуу боюнча чечимдин көчүрмөсүн эмес, түп нускасын алып келүүгө милдеттендирди.

Кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленди.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG