Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Жапаров кыргыз-өзбек өлкө башчыларынын кеңешин түзүүнү сунуштады


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев

Президент Садыр Жапаров 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда өз ара алака-катыштын макамын көтөрүү үчүн мамлекеттер аралык кеңеш түзүү маанилүү экенин билдирди. Буга байланыштуу тапшырмаларды берүүнү сунуштады.

"Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана өлкө башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм. Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм.Биз соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз",-деди Жапаров.

Садыр Жапаров бул жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев коңшу мамлекеттердин кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

"Кыргызстан менен Өзбекстан эгемен болгон 31 жылдын ичинде өз ара мамилелер биринчи жолу ушул деңгээлге жетти. Мындагы жеке колдоосу үчүн, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Чек араны тактоо маселесинде анын чечкиндүүлүгү болбосо, бүгүнкү жыйынтыктарга жетише алмак эмеспиз. Мурдагыдай "эртең кылабыз" деп улам жылдыра берип, 30 жыл өттү", - деди Мирзиёев.

Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Анын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өттү.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG