Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аяктап жатканын билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди. Ал Мирзиёевге кайрылып, эки коңшу мамлекет чек ара маселелеринде диалогго жана чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи.

"Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Урматтуу Шавкат Миромонович, бул маселени чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет. Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик сапардын алкагында келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет",-деди Жапаров.

Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Анын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өттү.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG