Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

Каракол: оорукана башчысы ымыркайлар өлүмүнөн кийин кызматтан кетти


Ысык-Көлдүн бардык аймагынан төрөтү оор, паталогиясы бар кош бойлуу аялдардын көбү Караколдогу төрөтканага жөнөтүлөт.   
Ысык-Көлдүн бардык аймагынан төрөтү оор, паталогиясы бар кош бойлуу аялдардын көбү Караколдогу төрөтканага жөнөтүлөт.   

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева "Азаттыкка" билдирди.

Аталган ооруканага караштуу төрөтканада жыл башынан берки эки аптанын ичинде алты ымыркай чарчап калган.

Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү адистерден турган атайын комиссия окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилген.

Караколдогу төрөтканада жылына төрт миңден ашык наристе жарык дүйнөгө келет. Облустун бардык аймагынан төрөтү оор, паталогиясы бар кош бойлуу аялдардын көбү Караколго жөнөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG