Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Талас районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээгин бойлой жайгашкан үйлөрдү, короолорду суу каптоо коркунучу жаралгандыктан аталган райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жагдай көзөмөлдө экенин, муз тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, эки техника, Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси баштаган алты кызматкер тартылды. Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун облустагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, муз тазалап иштеп жаткандарга үч күндүк ысык тамагын уюштурууда",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар режими Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында да жарыяланган. Катуу сууктан улам шаарда таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп, 12-январда шаарды суу жана жылуулук менен менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Учурда суу менен жылуулук берүүнү калыбына келтирүү уланып жатат.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин сууктап, быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болгон. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG