Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Парламентте сот жана судьялар жөнүндө мыйзам долбоору күн тартибинен алынды


Жогорку Кеңештин 26-январдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев депутат Медер Алиевдин суроосуна жооп берип жатып, эл өкүлүнүн судьяларга кайсы бир иш боюнча кайрылуусу басым болуп эсептелерин билдирди.

“Негизи каралып жаткан иштер боюнча кайрылууну басым катары эсептесе болот”, - деди Мусаев.

Анын бул билдирүүсүн айрым депутаттар сындап чыгышты. Балбак Түлөбаев депутаттарга кайрылуулардын көпчүлүгү сот акыйкаттуулугу жөнүндө экенин, парламент элдин өкүлү катары сотторго акыйкат чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу экенин белгиледи.

“Мына бүгүнкү жоопторун көрдүңөр. Жогорку соттун төрагасы өзү келсин. Мыйзам долбоолорун күн тартибинен алып салалы. Төрага өзү келип реформа жөнүндө айтып берсин”, - деди депутат.

Түлөбаевдин сунушу добушка коюлуп, сот жана судьялар жөнүндө мыйзам долбоору күн тартибинен алынды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG